07:45
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жарым жылда Кыргызстанга 1 миллиард доллардан ашуун акча каражаты которулду

Ушул жылдын январынан июнга чейин Кыргызстанга 1 миллиард доллардан ашуун акча каражаты которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 138,5 миллион долларга көп.

Аталган сумманын 90 пайызы Орусиядан которулган. Тактап айтканда, 1 миллиард 205,9 миллион доллар келип түштү. Кийинки орунда 11,8 миллион доллар которгон АКШдагы мигранттар турат.

Июнь айында эмгек мигранттары Кыргызстанга 256,5 миллион доллар которушкан. Кыргызстандан башка өлкөлөргө которулган акчанын суммасы 238,4 миллион сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар