15:06
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Көчмөндөр оюндары. «Айтыш-2018» төкмө акындардын сынагы өтөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында XII эл аралык «Айтыш-2018» төкмө акындардын сынагы өтөт. Бул тууралуу республикалык «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Маалыматка караганда, төкмө акындардын айтышынын жалпы байге фонду 2 миллион сом.

Тандоо турунан өткөн 8 кыргыз акыны Казакстандан келген 8 акын менен айтышат. Сынакта акындардын ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыгына, тапкычтыгына, аткаруучулук чеберчилигине жана сахна маданиятына көңүл бурулат.

Тандоо туру 15-августта саат 10:00дө «Манас» кинотеатрында өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар