03:16
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкектин жаңы мэри камалуудан коркпой тургандыгын билдирди

Бишкек шаарынын мэрлигине шайланган Азиз Суракматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мыйзам бузбай иштөөгө аракет кыларын айтты. Ага каршы нааразылыкка чыккан активисттердин аракетин демократиялык коомдогу көрүнүш катары баалады.

Ошондой эле ал мурдагы мэрлер сыяктуу кылмыш иши козголуп, камалуудан коркпой турганын, мыйзамдуу иштегенге аракет кыларын билдирди.

«Кызматка киришкен соң командаңызды алмаштырасызбы?» деген суроого ал бул тууралуу ойлоно электигин, аймактык шайлоо комиссиясынын чечими чыкмайынча муну талкуулоо туура эместигин айтты. 

8-августта Азиз Суракматовду шаардык кеңештеги депутаттар көпчүлүк добуш менен мэрликке шайлады.

Суракматов шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган жалгыз талапкер катары шайлоого ат салышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума