Пилоттук долбоору аягына чыгып, Бишкек жана Ош шаарларында 1-августтан тарта электрондук форматтагы патенттер бериле баштады. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-августтан тартып эки шаарда өз ыктыяры менен төлөнчү патент, милдеттүү түрдө төлөнчү патенттер берилүүдө.
1-октябрдан баштап электрондук патенттер Кыргызстандын баардык аймактарында бериле баштайт.
«Мындай жол менен патент алууда убакытты коротпой, кыска мөөнөттө ишти бүтүрсө болот», — деп жазылат маалыматта.