14:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Азиз Суракматов: Баардык жоопкерчиликти түшүнөм

Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган Азиз Суракматов колдоо жана ишеним көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди.

«Мен баардык жоопкерчиликти түшүнүп турам. Силердин ишеничиңиздерди актоого аракет кылам. Шаардык кеңеш менен биргеликте борбор калааны мыкты кылууга чогуу иштейбиз», — деди ал.

Эске салсак, ал бүгүн шаар башчысы болуп шайланды. Добуш берүүгө 44 депутат катышып, анын талапкерлигин жактап 43 эл өкүлү добуш берди. 1 депутат каршы болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума