21:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Куткаруучулар сууга чөгүп бара жаткан адамды сактап калышты

Чүй районундагы «Золотая осень» дачасында 53 жаштагы Токболотов Калыбек каналдан өтөм деп,  сууга түшүп кеткен. Аны ӨКМнын куткаруучулары суудан алып чыгып, өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка караганда, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.
 
Учурда ал Чүй райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Абалы туруктуу.
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума