16:19
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкек мэриясынын алдында мэрдин шайланышына каршы нааразычылык акциясы өттү

Бишкек мэриясынын алдында мэрдин шайланышына каршы нааразычылык акциясы өттү. Алар жалгыз талапкер атаандашсыз шайланып жатканына нааразы. 

«Дагы башка талапкерлерди коюшса болмок, шылдың кылгансыбай. Бул система Иса Өмүркулов мэр болуп турганда эле пайда болгон. Жаңы президент келгенде система өзгөрөт деп үмүттөнгөнбүз, бирок баягы эле көрүнүш сакталып калыптыр», —деди «Биздин укук» коомдук фондунун башчысы Калича Умуралиева.

Эске салсак, бүгүн Бишкектин мэри шайланат. Ага жалгыз талапкер Азиз Суракматов көрсөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар