03:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бир канча прокурорду кызматтан кетирди

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бир канча прокурорду кызматтан кетирди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалым болгондой, кызматтан кетирүү тууралуу буйрукка бүгүн кол коюлду. Кызматтан кол жууй тургандардын тизмеси:

— Бишкек шаардык прокурорунун орун басарлары Рысбек Альчиев жана Асан Кангелдиев;

— Ош шаарынын прокурору Айгүл Момбекова;

— Чүй облустук прокурорунун орун басары Гүлнара Шакирова.

Эң көп окулган жаңылыктар