15:16
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 200дөй чет өлкөлүк ЖМК тартып көрсөтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эфир аркылуу көрсөтүү, таанытуу үчүн 179 чет өлкөлүк ЖМКдан аккредитациядан өтүү боюнча кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башчысынын орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда 113 кайрылуу каралып жатат.

«2016-жылкы иш-чаранын деңгээлине жетебиз деп ойлойм. Учурда чет өлкөлүк каналдардын оюндарды көрсөтүү укуктарын алуу боюнча маселелер чечилип жатат. Демөөрчүлөр менен иштер жүргүзүлүүдө», — деди Айнура Темирбекова.

Эң көп окулган жаңылыктар