Бишкектин Октябрь районунда жашаган аз камсыз болгон жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн 25 бала 12 күндүк эс алуу үчүн Ысык-Көлдөгү «Келечек» балдар лагерине жөнөп кетишти. Бул тууралуу аталган райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, балдар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын эсебинен эс алышмакчы.
Жайкы лагерде жеткинчектер үчүн спорттук иш-чаралар уюштурулат.