09:26
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Унаа башкарып тасма көргөн айдоочу кармалды

Бишкекте коомдук транспортту башкарып бара жатып тасма көргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-августта социалдык тармактарда коомдук транспорттун айдоочусу унаа башкарып бара жатып тасма көргөндүгү тууралуу видео тараган.
Натыйжада № 128 маршруттун айдоочусу Билимбек Токтоназаров кармалды.

Айдоочуга карата административдик иш козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар