Бишкек-Кара-Балта жолун куруу маалында телефон линиялары жабыркады. Подрядчик күнөөнү мойнуна албай жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Петровка айылынын тургундары билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-июлдан бери стационардык телефон иштебей турат. Интернет менен уюлдук байланыш жакшы тартпайт. Жолдорду оңдоо маалында подрядчик «Кыргызтелекомдун» кабелдик линиясына зыян берген.