17:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ысык-Көл облусунда эки киши көлгө чөгүп кетти

Ысык-Көл облусунда эки киши көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-августта Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатында 1977-жылы туулган М.Т. аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткен. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ошол эле күнү Балыкчы шаарында  «Сейил» кум жээгинде 23 жаштагы Б.А. аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Анын сөөгү табыла элек. 

Эң көп окулган жаңылыктар