00:12
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда 1 миң 171 киши гемодиализ алышат

Кыргызстанда 1 миң 171 киши гемодиализ алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, күн сайын бюджеттик гемодиализ алуу үчүн жаңы кайрылуулар келип түшүүдө. Ушул жылдын 14-майында жеңилдетилген дарыланууга 120 киши которулган. 25-июлда дагы 14 киши кошулду.

Билдирүүгө ылайык, бюджеттик негизде процедурадан жалпысынан 539 оорулуу өтөт. Ал эми 632 бейтап жеңилдетилген дарыланууга которулган.

«Гемодиализдин бир процедурасы 5 миң сомго жакын. Анын көпчүлүгүн медициналык камсыздандыруу фондунун каражатынын эсебинен жабышат. Бейтап 500 сомду өзү төлөйт», —деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума