00:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыкта 1 киши каза тапты

Бишкек—Ош унаа жолунун 375-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 1 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда кырсыкта 3 киши жеңил жаракат алды.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума