07:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстанда цирк маймылын жырткычтар жеп салышты

16-июлда «Өзбек мамлекеттик циркинде» тордон качып кеткен маймыл өлдү. Кызматкерлердин айтымдарында, маймылды аны менен бир бөлмөдө кармалган эки жолборс жана бир арстан жеп салган.

Цирк кызматкери Азамат Хусинов белгилегендей, эреже боюнча цирктеги жаныбарлар өз-өзүнчө бөлмөлөрдө кармалышы керек болчу. Бирок быйыл январда мекеменин жаңы директору маймылга бөлүнгөн бөлмөнү тартып алган.

Кышында маймыл бир нече күн муздак гаражда жашаган, андан кийин ветеринарлардын бөлмөсүндө кармалды. Ал суукка туруштук бере албай турганын айтып, мындай шарттарда өлүп каларын көп жолу айттык. Бирок цирк жетекчилиги маймылга өзүнчө бөлмө берген жок. Акыры ал эки жолборс жана бир арстан кармалган бөлмөгө жайгаштырылган.

Азамат Хусинов

Цирк директорунун милдетин аткаруучу Рустам Мажидов «кандын даамын татып калган жырткычтар» эми Ташкент зоопаркына жөнөтүлө турганын айтты. Бирок Азамат Хусинов жолборстор менен арстанды зоопаркка берүүгө себеп жок экенин, жырткычтар буга чейин деле коёндун эти менен тамактанып жүргөнүн билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар