Баткен-Исфана унаа жолунда кырсык катталып, кесепетинен 1 киши жабыркады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Баткен ОИИББсы билдирди.
Маалыматка караганда, Audi 100 унаасы курулуш техникасын сүзүп алган. Кесепетинен Жалал-Абад облусунун 29 жаштагы тургуну жабыркаган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча ал кырсык маалында соо абалда болгон.
Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, унаанын айдоочусу чек ара кызматынын аскер кызматкери. Ал аймактык ооруканага жаткырылды.