17:59
USD 69.11
EUR 81.33
RUB 1.04

Бишкекте поезд велосипед тээп бара жаткан баланы сүзүп кетти

Бишкекте жүргүнчү ташуучу поезд велосипед тээп бара жаткан баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы жигитти Бишкек-Москва каттамындагы поезд сүзүп кетти.

Некрасов менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинен 23 жаштагы жигит велосипед тээп бара жатканда, машинист поезд келе жатат деген белгини берген. Тилекке каршы баланын кулагында наушник болгондуктан эч нерсе укпай калган.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар