23:55
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Араван районунда 15 жашар окуучу муунуп каза болду

Ош облусуна караштуу Араван районунда 15 жашар окуучу муунуп каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ОИИБдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, өспүрүм өлүм алдында эч кандай кат таштаган эмес.

«Каза болгон баланын ата-энеси Орусияда иштешет. Ал үч бир туугандын кичүүсү болчу. Балдар чоң атасынын колунда тарбияланып жатышкан», -деп билдиришти ОИИБдан.

Маалым болгондой, окуучунун мектепте жана үйүндө эч кандай көйгөйү жок болчу. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар