05:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сахалин облусунда кыргызстандык жаран сууга чөгүп каза болду

Орусиянын Сахалин облусунда кыргызстандык 17 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу орусиялык ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка караганда, каза болгон жаран Корсаков районундагы көлгө достору менен эс алууга барган. Алардын арасынан тааныш кызы сууга түшүп чөгө баштаган. Аны куткарам деген өспүрүм өзү чөгүп каза болду.

Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар