Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын Широкий капчыгайында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, 26-июль күнү болгон өрттө 1 гектар арпа жана бир трактор күйүп кетти. Тилсиз жоонун себептери такталууда.
Өткөн суткада 28 өрт кырсыгы катталды.