13:50
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11

Ош шаарынын жаңы мэри ишке киришти

Ош шаарынын жаңы мэри Таалайбек Сарыбашов ишке киришти. Бул тууралуу каала мэриясы маалымдайт.

Ошто биринчи вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун катышуусунда жыйын өтүп, анда Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Расул Кадыров Таалайбек Сарыбашовго кызматка расмий каттаганын билдирип, күбөлүк тапшырды.

Белгилей кетсек, 18-июлда Ош шаардык кеңешинин кезексиз олтурумунда мэр шайланган. Жалпысынан 45 депутат толугу менен катышып, Таалайбек Сарыбашов 44 добуш алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
15-январь, бейшемби