Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.Маалыматка таянсак, иш-чарага 150дөн ашык кыргыз жана чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат.
Фестивалдын негизги максаты- кыргыз кол өнөрчүлөрүнө колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.
Иш-чаранын алкагында дизайнер, кол өнөрчү студенттердин арасында «Этно-Мода» сынагы, «Элечек» флешмобу жана «Эмен багы» галереясында автордук куурчактардын көргөзмөсү болот.
Фестиваль 26-июлда «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдында уюштурулат.