06:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Каракол шаарында биринчи жолу «Оймо — кыш 2020» фестивалы өтөт

8-12-январь күндөрү Ысык-Көлдүн Каракол шаарында биринчи жолу «Оймо — кыш 2020» фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чаранын максаты — Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу.

«Фестивалга чебер усталар, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, туристтер, шаар тургундары жана башкалар катышат. Анда ар кандай мастер-класстар, Кыргызстан менен Борбор Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн жарманкеси уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар