20:23
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Коррупцияга каршы күрөштө жарандык коом негизги өнөктөш болушу керек

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө жарандык коом негизги өнөктөш болушун каалайт. Бул тууралуу ал ушу тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйында айтты.

Президент бул күрөш көп өнөктүктүн бири болбосун, токтобостон аягына чыгарыларын, системалык негизде жүргүзүлөрүн белгиледи.

«Биз жарандык сектор менен иштешүүгө, өнөктөш болууга даярбыз, конструктивдүү идеяларга жана сынга ачыкпыз», - деп билдирди бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков.

Президент өкмөттүк эмес уюм болобу, мамлекеттик түзүм болобу, өлкөнүн жана элдин жашоосун оңдоого умтулушу керек экенин белгиледи.

«Силерди мамлекеттин келечегине бейкапар карабаган, жогорку интеллектуалдык дарамети бар адамдар катары билем»,- деди президент.

Диалогдун катышуучуларынын арасында белгилүү саясатчылар жана активисттер Равшан Жээнбеков, Бегалы Наргозуев, Турсунбек Акун, Чолпон Жакупова, Рита Карасартова, Эдил Байсалов, Адил Турдукулов, Динара Ошурахунова, Сапар Аргымбаев, Төлөкан Исмаилова, Бүбүсара Рыскулова, Токтайым Үмөталиева жана башкалар, жалпысынан 40 адам бар.

Эң көп окулган жаңылыктар