18:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстанда мугалимдердин укугун коргой турган кызмат түзүлөт

Өзбекстанда мугалимдердин укугун коргоо боюнча атайын кызмат түзүлөт. Бул тууралуу 17-июлда президент Мирзиёевдин катышуусунда жалпы орто билим системасын өнүктүрүү жана реформалоо маселелерине арналган жыйын учурунда белгилүү болду.

Иш-чарада түрдүү көзөмөл органдар тарабынан мугалимдердин ишин текшерүүнү чектөө, педагогдорду ар кыл жыйындарга жана тазалык иштерине мажбурлап тартууну токтотуу белгиленди. Ошондой эле мугалимдердин укугун коргоо боюнча атайын кызмат түзүү тапшырмасы берилди.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, Шавкат Мирзиёев айлык акыны көтөрүүнү, педагогдордун коомдогу ролун жогорулатууну талап кылды.

Мындан тышкары жыйында билим берүү системасына маалымат-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү, мектептердин рейтингин түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума