13:56
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11

Москванын түштүк-чыгышында жол кырсыгы катталып, 3 киши мерт кетти

Бүгүн Москванын түштүк-чыгышында жол кырсыгы катталып, 3 киши мерт кетти. Алардын баары Кыргызстандык жарандар болгон. Бул тууралуу «360» каналы маалымдады.

Билдирүүгө караганда, окуя Ташкент көчөсүндө болжол менен саат 4:42де болгон.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, катуу ылдамдык менен келе жаткан унаа шаардын жарык берүүчү мамысын сүзүп токтогон. Рулду 1998-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
15-январь, бейшемби