00:55
USD 68.81
EUR 81.15
RUB 1.04

Кыргызстанда орус тилдүү предметтик мугалимдердин саны азаюуда

Кыргызстанда орус тилдүү предметтик мугалимдердин саны азаюда. Бул тууралуу И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов билдирди.

«Жакынкы аралыкка чейин Кыргызстанда орус тили жана адабияты сабагынан берген мугалимдер жетишсиз болчу. Бирок, акыркы учурларда орус тилдүү химия, биология, математика сабактарынан берген окутуучулар таптакыр жетишпейт. Эми өлкөдө эки көйгөй пайда болду», — деди ал.

Төлөбека Абдырахмановдун айтымында, орус тили жана адабияты мугалимдик кесипти өлкөдөгү 11 ЖОЖ даярдап чыгарат. Ал эми предметтик мугалимдерди болгону И.Арабаев атындагы окуу жайы даярдайт.

Эң көп окулган жаңылыктар