12:09
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Велосипед тээп бара жаткан өспүрүмдү автоунаа сүзүп кетти

Ак-Талаада велосипед тээп бара жаткан өспүрүмдү автоунаа сүзүп кетти.Бул туурасында Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдүн баш мээси катуу чайкалып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

15-июлда Ал Ак-Талаа—Баетов унаа жолунун 86-чакырымындагы жаңы курулуп жаткан шагыл жолдо велосипед тээп бара жаткан 17 жаштагы баланы сүзүп кеткен.

Жабырлануучу 2001-жылы төрөлгөн С.Б. ооруканада дарыланып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар