23:38
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Франция футбол боюнча дүйнө чемпиону болду

Франциянын футбол боюнча курама командасы Москвадагы «Лужники» стадионунда өткөн финалдык беттеште Хорватия курамасын 4:2 эсебинде жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.

Франциялыктар алгачкы кубокту 1998-жылы уткан. Хорватия командасы буга чейин дүйнө чемпионатынын финалына чыга элек болчу.

Эки команданын оюнчуларына медалдарды беттешке күбө болгон Франциянын, Хорватиянын жана Орусиянын президенттери (Эммануэль Макрон, Колинда Грабар-Китарович жана Владимир Путин) тапшырышты. Дүйнөнүн алтын кубогун француздарга ФИФАнын президенти Жанни Инфантино тапшырды.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусияда алгачкы жолу өттү. Ага 32 команда катышып, оюндар 11 шаардагы стадиондордо болду. Бул күндөрү күйөрмандар үчүн виза чектөөлөрү убактылуу жоюулуп, өлкөгө жүз миңдеген чет өлкөлүктөр келишти.

Эми футбол боюнча кийинки дүйнө чемпионаты 2022-жылы Катарда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар