Кыргызстандык Арсен Алтыбаев Бельгиянын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Симон Миньоледен футболка белекке алды. Бул тууралуу дарбазачы өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
Кыргызстандык күйөрман футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Бельгия менен Япониянын 1/8 финалдык беттешине күбө болгон. Анын «Миньоле сенин футболкаңды алсам болобу?» деп жазылган плакатты көтөрүп алганын дарбазачы оюн башталардан мурун байкаган. Кийин футболчу күйөрманды Twitter аркылуу тапты.