03:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстанда айып аянтчасындагы 45 унаа өрттөнүп кетти

16-июлда Шымкенттеги айып аянтчасында өрт чыгып, 45 унаа күйүп кетти. Андан тышкары жакын жайгашкан эмерек чыгарган ишкана зыянга учурады.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдиришинче, алгач КамАЗ автоунаасы күйүп, от андан ары башка унааларга жана жанындагы жаңы курулуп жаткан имараттын чатырына өткөн.

Маалыматка караганда, өрт 17 атайын техниканын жана 76 өрт өчүрүүчүнүн аракети менен эки сааттын ичинде толук өчүрүлгөн. Бирок ага чейин утилизацияга кетиши керек болгон 35 унаа жана айып төлөө үчүн токтотулган 10 унаа күйүп кеткен.

Өрт жайылган аянт 294 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктан каза болгондор жана жаракат алгандар болгон эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар