17:43
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыкта 3 киши мерт кетти

Бишкек шаарына жакын айланма унаа жолдо кырсык болуп, кесепетинен 3 киши каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 45-чакырымында 22 жаштагы айдоочу рулга ээ боло албай калып, унаа бир канча жолу оодарылып кеткен.

Унаадагы үч киши окуя болгон жерде каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар