Жыл башынан бери Кыргызстанда жаныбарлардын кутурма оорусу менен ооруган 27 учуру катталды. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынан билдиришти.
Маалым болгондой, биринчи жарым жылдыкта 1 миң 903 баш уйдан бруцеллез табылды.
Кошумчалай кетсек, 1 миллиондон ашуун малга жана 412 миң итке эмдөө жасалды.