21:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ошто 8 жаштагы бала кутурма оорусуна шектелүүдө

Оштун Араван районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнө 8 жаштагы бала кутурма оорусуна шектелип түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, баланын абалы орто оор деп бааланууда. Анын диагнозу тактала элек, бирок тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Адистердин катышуусунда консилиум өткөн.

Алдын ала маалымат боюнча, баланы мышык тытып алган.

Эң көп окулган жаңылыктар