15:22
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкек-Торугарт унаа жолунда 2 жүк ташуучу унаа кагышып, бири өрттөнүп кетти

Бишкек-Торугарт унаа жолунда 2 жүк ташуучу унаа кагышып, бири өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен Вольво унаасы күйүп кеткен. Ал Кытайдан Бишкекке товар жүктөп келе жаткан. Ал эми экинчи унаа Бишкектен курулуш товарлары менен Нарынга баратканы аныкталды.

Кырсыкта жабыркагандар болгон жок. 

Эң көп окулган жаңылыктар