Бишкекте Абдрахманов көчөсүндө жол кырсыгы катталып, кесепетинен 3 киши жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3 автоунаа сүзүштү. Анын айынан Жусуп Абдрахманов көчөсүндө унаалар кагышкан аймактан тартып Фрунзе көчөсүнө чейин унаа тыгыны пайда болгон.
Учурда иликтөө уланууда.