22:01
USD 69.30
EUR 80.15
RUB 1.06

Чыңгыз Айтматовдун эстелигин калыбына келтирүү иштери июлдун акырында башталат

«Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагындагы Чыңгыз Айтматовдун эстелигин калыбына келтирүү иштери июлдун акырында башталат. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган комплекс 2018-жылы курулуп жана калыбына келтириле турган объекттердин тизмесине киргизилген. Чыңгыз Айтматовдун мемориалын калыбына келтирүү иштерине 1 миллион 500 миң сом каралды.

Мындан сырткары, 1937-38-жылдары репрессиялангандардын эстеликтеринин аймагында оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар