07:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ошто № 1 троллейбустун каттамы убактылуу токтоду

Бүгүнтөн баштап 31-августка чейин Ош шаарында №1 троллейбустун каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-июлдан 31-августка чейин И.Раззаков көчөсүнүн жер астындагы газ түтүктөрүн жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

Кошумчалай кетсек, троллейбустун ордуна автобустар каттай баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар