14:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктын кесепетинен жубайлар каза болду

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен улгайып калган жубайлар каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Subaru Forester» үлгүсүндөгү унаа каршы тарапта келе жаткан «Volvo» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 69 жаштагы айдоочу жана 67 жаштагы жубайы каза болду.

Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар