13:16
USD 87.02
EUR 95.29
RUB 1.05

Дем алыш күндөрү өлкө аймагында беш киши сууга чөгүп каза болду

Дем алыш күндөрү өлкө аймагында беш киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 7-июлда Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы көлмөдө 16 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болгон. Ушул эле күнү Сокулук суусуна 58 жана 40 жаштагы аялдар чөгүп кетишкен. Куткаруучулар алардын сөөктөрүн 3 сааттан кийин таап чыгып, милицияга өткөрүп беришкен.

8-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кайырма көлүнө 24 жаштагы жигит чөгүп кетти. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы көлмөгө 47 жаштагы киши чөгүп кеткен.

7-июлда Бишкектеги Комсомольское көлүнө 1999-жылы төрөлгөн А.Өмүрбекова аттуу кыз чөгүп, куткаруучулар анын өмүрүн сактап калышты.

Эң көп окулган жаңылыктар