USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Түркияда поезд кырсыктап, кесепетинен 24 киши каза болду

14:49, 09 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Түркияда поезд кырсыктап, кесепетинен 24 киши каза болду. Бул тууралуу posta.com.tr жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Стамбул-Капикуле багыты боюнча келе жаткан поезддин бир канча вагону рельстен чыгып кеткен. 

Окуя Текирдаг провинциясына караштуу Чорлу районунун Сарылар айылына жакын жерде болду.

Поездде жалпысынан 362 жүргүнчү болгон. Алардын 338ине медициналык жардам көрсөтүлдү. Азыркы тапта 124 жүргүнчү ооруканада жатат.

Эске салсак, 1945-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Түркияда поезд кырсыгынан 400дөн ашуун киши каза тапкан. 800дөн ашуун жүргүнчү жаракат алышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика