Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 3 унаанын катышуусунда кырсык катталып, 2 киши жабыркады. Бул тууралуу Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Тойота Виндом» унаасы «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаа менен кагышып, андан кийин «Мерседес-Бенцти» сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган «Хонданын» айдоочусу жана жүргүнчүсү Ош облустук ооруканасына жеткирилди.
Ал эми кырсыкка себепкер болгон «Тойотанын» айдоочусу из жашырып качып кеткен.