Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 2 аял жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кара-Тоо-Комсомол унаа жолунун 25-чакырымында «Audi C4» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен жабыркаган 2 аялды тез жардам унаасы алып кетти.