21:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Манас» эпосу араб тилинде басылып чыгат

«Манас эпосу араб тилинде басылып чыгат. Мындай маалымат Президент Сооронбай Жээнбеков менен Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралынын жолугушуусунда белгилүү болду. 

Өзгөчө биздин кыргыз элинин руханий мурастарын изилдөөдө, аны жалпы түрк дүйнөсүнө жайылтуу багытында жасап жаткан ишиӊиздер кубантып турат. «Манас» эпосу, улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов сыяктуу мыкты адабий үлгүлөрүбүздү орток түрк маданий казынасына кошуп, фундаменталдуу эмгектерди жарыялап жатканыӊыздар түрк тилдүү элдердин жакындашуусуна, руханий интеграциясына өзгөчө таасир этет

Сооронбай Жээнбеков

Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы Чынгыз Айтматовдун жылына карата Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында, Астана, Бишкек, Ташкент шаарларында улуу жазуучуга арналган конференциялар өткөнүн, китептер чыгарылганын, «Манас» эпосу, кыргыздын адабияты менен тарыхына байланыштуу иш-чаралар жүрүп жатканын билдирди.

Мындан тышкары Дархан Кадыралы менен Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадырали Конкобаев Мамлекет башчысын араб арибинде жазылган, Манас эпосунун ар кайсы варианттарын камтыган кол жазма китеби менен тааныштырышты.

Кадырали Коңкобаевдин айтымында, көлөмү 1286 бет болгон бул кол жазма 1896-жылдан 1983-жылга чейин Чүй өрөөнүндө жашап өткөн Медер Мергенбаев деген аксакалга таандык. Анда 16 бет Тыныбек манасчыга таандык эпостун үзүндүсү, Саякбай Каралаевге таандык делген 34 беттен турган үзүндү, ошондой эле Тоголок Молдого таандык деген Манас эпосунун 108 бет үзүндүсү камтылган.

Кол жазманын калган беттеринде Сагынбай Орозбаковдун өз оозунан Медер Мергенбаев аксакал абдан мыкты тил менен жазып алган варианты сакталып калган. Бул кол жазма Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы китеп менен салыштырылып, илимий комментарийлер менен басмага даярдалып жатат

Кадырали Коңкобаев

Дархан Кадыралы менен Кадырали Конкобаев Президент Сооронбай Жээнбековго Алтайдан 3000 метр бийиктикте табылган жана реставрацияланган кыл кыякты белекке беришти.

Мамлекет башчысы ыраазычылыгын билдирип, кол жазманы басып чыгарууга жардам көрсөтөөрүн жана кыл кыякты Бишкектеги Тарых музейине өткөрүп берээрин белгиледи

Эң көп окулган жаңылыктар