22:53
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Манас эпосунун күнү. Улутук илимдер академиясында эпостун 70 варианты бар

Улутук илимдер академиясында эпостун 70 варианты бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Манас» эпосунун күнүнө, манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган «Манас — кыргыз рухунун туу чокусу» аттуу илимий-практикалык конференциясында айтылды.

Конференциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жөнөкөй окурман катары «Манас» эпосунун башка эпостордон айырмаланган өзгөчөлүктөрүн тизмектеп берди.

Эл өкүлүнүн айтымында, дүйнө жүзүндө 7 миңдей улут болсо алардын жыйырмасында гана эпос жаралган. Бирок ошол 20 эпостун 19у тирүү эпос эмес. Аны айткандар же жазгандар ошол доор менен калып калган. Ал эми «Манас» эпосу бүгүн да айтылып келе жатат. Эпостун дагы бир өзгөчөлүгү анын көп варинаттуулугунда. Улутук илимдер академиясында 70 варианты бар.

«Залкар манасчы Саякбай Каралаев 3 күн, 3 түн айткан деп келебиз. Бирок өз убагында Шлапштейн аттуу немец сүрөтчүсү С.Каралаевге жолугуп, канча Манас айттыңыз дегенде, ал 21 күн Манас айттым деп куштарланып жооп бериптир. Ошондой эле белгилүү музыка таануучу Виноградов С.Каралаевдин «Манасында» 28 кыраат бар экенин, анын укмуштуудай музыкалуу экенин белгилеген. Ал эми эпосто 547 географиялык аталыш бар», — дейт депутат К.Иманалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар