19:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Оренбург-Акбулак унаа жолундагы кырсыкта кыргызстандык жаран каза тапты

Оренбург-Акбулак унаа жолундагы кырсыкта кыргызстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу күбөлөр социалдык тармактарга жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, унаанын ичиндеги айдоочу кырсык маалында сыртка ыргып кеткен. Анын үстүнө өзүнүн унаасы кулап каза тапты.

Күбөлөрдүн айтымында, кыргызстандык айдап бараткан унааны жолдун оң тарабындагы шагыл тартып кеткен. Унаа каршы тилкеге чыгып, кийин арыкка кулаган..

Такталбаган маалыматка таянсак, каза болгон жаран унааны жаңы эле сатып алып, туулган жерине айдап келе жатканда кырсыкка кабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар