19:26
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

1 жашар наристе менен анын энесинин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыкта каза болгон 1 жашар наристе менен 27 жаштагы энесинин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган ОИИБ социалдык түйүндөрдө жарыяланган кырсыкка кабылган экинчи унаадагы тартип сакчыларынын мас абалда болгондугу тууралуу маалыматты чындыкка туура келбейт деди.

«Тартип сакчылары кызматта болгондуктан мас абалында болушу мүмкүн эмес. Кырсык болгон жерде медицина кызматкерлери дайыма жабырлануучулардан экспертизага деп кан алышат», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар