08:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан алтын корун көбөйтөт

«Bloomberg» каналынын веб-сайтына «Азиядагы эң чакан өлкө дүйнөлүк соода согушуна алтынды калкан кылууда» деген макала жарыяланды.

Анда Орусия менен Кытайдагы валюта базарындагы туруксуздуктун таасиринен коргоо үчүн Кыргызстан эл аралык резервдеги үлүшүн 16 пайыздан 50 пайызга чейин көбөйтүп, 2 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенип жатканы жазылган.

«Оюн эрежелери алмашты. Азыр биздин резервде кайсы валюта болбосун, баары бир дүйнөлүк соода согушунун таасири тиет. Доллар, юань же рублга карабай, алтынды көбөйтүшүбүз керек», — деп билдирген Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов басылмага берген маегинде.

Алтын боюнча дүйнөлүк кеңештин маалыматына караганда, мындай саясат Кыргызстандагы алтын запасын пайыздык катыштан караганда, Орусия жана экономикасы кыйла өнүккөн Түркия менен Индиянын деңгээлине жакындатат. АКШ менен Германия резервинин 70% алтын менен сактайт.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, Кыргызстан баалуу металлды азыркыдан да көбүрөөк каза алат. 2017-жылкы эсеп боюнча канадалык «Centerra Gold» иштеткен алтын кениндеги жалпы өндүрүш 3,4 миллиард долларга бааланган. 

Эң көп окулган жаңылыктар