09:15
USD 69.11
EUR 81.33
RUB 1.04

Юридикалык академиянын илимий кандидаты Данияр Жумалиев плагиаттыкка айыпталууда

Юридикалык академиянын илимий кандидаты Данияр Жумалиев плагиаттыкка айыпталууда. Орусиялык илимий коомчулук тарабынан жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы www.wiki.dissertant.org. сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Данияр Жумалиев «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматкеринин укуктук статусу» деген темада илимий эмгегин 2012-жылы жактаган. Коомдук экспертизанын жыйынтыгы боюнча, ал орусиялык окумуштуу Светлана Михневанын эмгектерин көчүрүп алганы маалым болду.

Эске салсак, орусиялык окумуштуу 2003-жылы кандидаттык даражасын жактаган.

Юридика илимдеринин доктору Канатбек Азиздин «24.kg» агенттигине берген маалыматына караганда, Данияр Жумалиевдин илимий жетекчиси депутат Канатбек Керезбеков болгон.

«Данияр Жумалиевдин кандидаттык наамы алынбайт, анткени КРнын Жогорку аттестаттык комиссиясы анын эмгегин кабыл алган», — деди Канатбек Азиз.

Эң көп окулган жаңылыктар